Өлкөнүн бардык аймактарында акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 15:10
WhatsApp Image 2025-12-05 at 15.09.57.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Өлкөнүн бардык аймактарында акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.

WhatsApp Image 2025-12-05 at 13.51.37.jpeg

Анын айтымында, он күндүк декада негизинен калктын маалымдуулугун жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандар өздөрү жашаган аймакка жакын жайгашкан аянтчаларга кайрылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

“Учурда өлкө боюнча жарандарга акысыз укуктук консультация берүү декадасы өтүп жатат. Өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар уюштурулду. Бул жерде юристтер менен адвокаттардан тышкары Социалдык фонд, Салык кызматы, райондук администрациялар жана Калкты тейлөө борборлорунун өкүлдөрү да иш алып барууда.

Анын негизинде жарандар юридикалык маселелер боюнча гана эмес, башка тармактар боюнча да кеңири консультация ала алышат.

Биз мындай иш-чараларды квартал сайын, ошондой эле даталуу күндөрдө өткөрүп турабыз. 2-11-декабрь күндөрүнө белгиленген бул жолку декада Адам укуктарын коргоо күнүнө карата уюштурулду. Үч күндүн ичинде 3 миңден ашуун жаран акысыз юридикалык жардам алды”,-деди Камаева.