Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Кыргызстандын авиапаркы жаңы учактар менен толукталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Кыргызстандын аэропорттору” ААК өз каражатынын эсебинен жаңы учактарды сатып алууда. Бүгүнкү күндө үч учак алынган жана аларга жалпы 2 миллиард 385 миллион сом жумшалды.
“Кийинки жылы авиапарк дагы толукталат. Q 400 үлгүсүндөгү бир учак, ошондой эле Аirbus А321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алынат”,- деп белгиледи Касымалиев.