Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-январда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ага ылайык, эртең Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облусунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тайгак болуп, айрым жерлерге туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -1... -6, Суусамыр өрөөнүндө -10… -15, Талас облусунда -1… -6, Баткен облусунда -3… +2, Ош, Жалал-Абад облустарында -1... +4, Ысык-Көл облусунда -2... +3, Нарын облусунда -5... -10 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы -2... -4 градусту түзөт.