Кыргызстанга айрым көчөттөрдү алып кирүүгө 6 айга тыюу салынышы мүмкүн

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 16:00
sazhentsy_zimoi_02.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тартып 6 айга чейин мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн айрым сортторунун көчөттөрүн импорттоого тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкөдө ар түрдүү мөмө-жемиш сорттору көбөйүп кеткендиктен, бүгүнкү күндө жаңы, заманбап, сапаттуу, рынокко ылайыктуу, экспорттук талаптарга жооп берген сортторду өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. 

Ушундан улам сапаты төмөн жана талапка туура келбеген көчөттөрдүн киришин чектөө максатында убактылуу чектөө киргизилип жатат. 

Чектөө реэкспортко, транзитке жана ЕАЭБдин ички товар айлантуусуна колдонулбайт жана импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик питомниктер тарабынан сертификатталган көчөттөрдүн чыгарылышын стимулдаштырып, дыйкандардын сапаттуу материалга болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.