Өлкөгө инвестиция тартууда биргелешкен аракеттер колго алынат

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 17:10
WhatsApp Image 2026-06-26 at 14.03.18.jpeg
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Агенттиктен билдиришкендей, бул документ өлкөгө инвестиция тартуу, биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоо жана ишкердикти өнүктүрүү максатын көздөйт.

Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууну макулдашты.

Равшанбек Сабиров коомдук ынтымак сырткы инвесторлордун ишенимин арттыруудагы башкы фактор экенин белгиледи.

"Коомдун биримдиги жана туруктуулук – өлкөнүн өнүгүүсүнүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуунун маанилүү фактору болуп саналат. Бул кызматташтык мамлекеттик институттар менен коомдун ортосундагы байланышты бекемдейт", – деди ал.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү да бул демилгени колдоого алып, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү экенин билдиришти.