Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Учурда өлкө аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр коопсуздуктун бардык талаптарына ылайык курулууда. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдү кең аянтка курууга мүмкүнчүлүк чектелүү, анткени Кыргызстандын аймагында жер тартыштыгы чоң көйгөй бойдон калууда.
“Калктын саны тынымсыз өсүүдө. Ар бир жаран үйлүү болгусу келет. Өлкөнүн 90 пайызга жакын аймагы тоолуу болгондуктан, тоо бооруна үй салуу өтө кымбатка түшөт. Ошондуктан көпчүлүк курулуштар түз, тегиз жерлерге салынат. Ошондой эле жердин баасынын кымбаттыгы. Жердин кымбаттыгы бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн бирден бир себеби. Экономика өнүккөн сайын инвесторлор көбөйөт, жерге болгон талап жогорулайт.
Ар бир көп кабаттуу үй алдын ала эсептөөлөр менен, коопсуздук чаралары толук каралып туруп курулат. Канча адам жашай турганы, өрт кырсыгы катталса кандай чара көрүлөрү баары долбоорлоо баскычында так аныкталат. Ошондуктан курулуп жаткан бардык үйлөр коопсуздук талаптарына жооп берет. Ар бир имарат курулардын алдында милдеттүү түрдө тийиштүү шаар куруу кеңешмесинен өтөт. Ал кеңешмеде имараттын сырткы көрүнүшү, архитектуралык чечимдери, долбоордун бардык деталдары каралып, макулдашуулар берилет. Ооба, буга чейин башаламандык менен үйлөр курулуп кеткен учурлар болгон. Бирок бүгүнкү күндө мындай башаламан курулуштарга жол берилбейт. Азыр курулуп жаткан имараттардын баары заманбап талаптарга ылайык, кооз жана ырааттуу архитектуралык стилде курулууда”, - деп белгиледи ал.
Ал белгилегендей, министрлик көп кабаттуу үйлөрдү курууда бир катар талаптарды койгон.
“Шаарларда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн ар бир батири үчүн өзүнчө унаа токтотуучу жай каралышы шарт. Эгерде мындай шарт аткарылбаса, курулушка уруксат берилбейт. Мындан тышкары, беш кабаттуу үйлөрдө жер төлөдө унаа токтотуучу жай болбосо дагы уруксат берилбейт”, - деп белгиледи министр.
Ошондой эле ал мурдагы башаламан курулуштарга карата оңдоо, иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.