Өлкөдөгү эскилиги жеткен бардык аялдамалар жаңыланат

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:04
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат.

"Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы менен жаңылап, заманбап үлгүлөргө алмаштыруу иштери башталды. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын Өндүрүштүк-инновациялар борбору иштеп чыгууда", — деп белгиледи министр.

Солтобаев кошумчалагандай, жаңы аялдамалар сапаттуу курулуп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылат. Жакын арада алгачкы жаңыланган аялдамаларды пайдаланууга берүү пландалууда.