Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Өлкөдөгү ар бир мектепте музыкалык класс болушу зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өтүп жаткан “Art Dialog” маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкөнүн бардык аймактарында маданий мекемелердин курулуштары жүрүп, айрымдары жаңыланып, айрымдары капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
“Азыр коомдо агрессия көп. Кайсы жакты караба уруш, пикир келишпестиктер. Мунун себеби руханий тарбиянын жетишсиздиги. Искусство менен чоңойгон, музыкалык билим алган бала – маданияттуу, сабырдуу, интеллекттүү болуп өсөт”, – деди Байсалов.
Байсалов мектептердеги музыкалык класстар коомдук абалды жакшыртууда, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.