Заманбап ритмдер жана мамлекеттик колдоо: Министр рэп аткаруучуларды кабыл алды

Маданият 12 Март 2026 14:24
651262152_1226485166309904_6470410996428863469_n.jpg
651154836_1226485609643193_8454522137611263216_n.jpg
648841188_1226485272976560_2161516981277075858_n.jpg
649271571_1226485319643222_427055932677471670_n.jpg
649461277_1226485416309879_239875782852638774_n.jpg
649750711_1226485186309902_2052007664366681369_n.jpg
650355850_1226485482976539_8442158621484979044_n.jpg
650373519_1226485529643201_8566841711512678801_n.jpg
650843123_1226485349643219_894211936870158742_n.jpg
651006091_1226485449643209_7130659998524025498_n.jpg
651048033_1226485552976532_1101272841112044167_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бегиш, Бакр, Баястан, Freeman 996 жана башка рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучуларды кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.