Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп.
Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди:
- Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары — 9,4%га;
- Фармацевтикалык продукциялар — 13,6%га;
- Курулуш материалдары — 29,1%га;
- Транспорт каражаттары — 39,4%га;
- Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык продукциялар — 41,3%га;
- Тазаланган мунай продукциялары — 1,9 эсеге;
- Химиялык продукциялар — 2,3 эсеге;
- Пайдалуу кендерди казуу — 7,3%га өстү.
Ошол эле учурда, Кумтөр кенинде алтындын курамы төмөн болгон зонаны өздөштүрүүгө жана өндүрүш көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнө байланыштуу негизги металлдарды өндүрүү 1,7%га азайды.
Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 3,1%га, ал эми суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу көлөмү 19,6%га көбөйдү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы 1,23 пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү 18,5% болду.