Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жер-жерлердеги мектептердин чечилбей келген маселелери 2028-жылга чейин чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы жолугушууда саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармактарындагы иштерге кеңири токтолду.
Президент маалымдагандай, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 50 орундуу оорукана, облустун борборунда 75 орундуу балдар ооруканасы жана перинаталдык борбор курулууда.
Мындан тышкары, облустун бир катар айылдарында фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп, медициналык жабдуулар менен камсыздалууда.
Быйыл Баткен облустук тогуз саламаттык сактоо мекемесине 10 автоунаа, ал эми облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир адистештирилген унаа берилген.
Ал эми маданият тармагына токтолуп, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылганын айтып өттү. Президенттин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулатылган.

Маданият багытын улай, президент Садыр Жапаров облуста 32 тарыхый-маданий мурас объектиси бар экенин белгиледи.
Өлкө башчысынын айтымында, аларды изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү үчүн каражат бөлүнүп, айрым объектилерде казуу иштери аткарылган. Ошондой эле археологиялык эстеликтерди паспорттоштурууга каражат каралган.
“Алдыда тарыхый эстеликтер жайгашкан аймактарга барчу жолдорду оңдоп-түзөөгө жана алардын инфратүзүмүн жакшыртууга да көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалады мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, президент Баткен облусунун өзгөчөлөнгөн кол өнөрчүлүк буюмдарын жана туристтик потенциалын айкалыштыруу аркылуу өзгөчө аймактык бренд түзүү зарылдыгын айтты.