Мектепке каттоодон аттестатка чейин: окуучунун маалыматы кантип сакталат?

Билим 1 октябрь 2026 12:05
Мектепке каттоодон аттестатка чейин: окуучунун маалыматы кантип сакталат?
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Бала "Түндүк" тиркемеси аркылуу мектепке катталганда анын маалыматтары электрондук "Мектеп" системасына түшүп, андан кийин "Күндөлүк" электрондук күндөлүгүнө өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Агартуу министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн башкы адиси Гүлиза Кочорбаева билдирди.

Анын айтымында, "Күндөлүк" системасында алынган маалыматтардын негизинде окуучулардын тизмеси түзүлүп, алар класстарга бөлүштүрүлөт жана электрондук журнал жүргүзүлөт.

"Ошондой эле окуу процесси толугу менен көзөмөлдөнүп, окуучулардын баалары системага киргизилет", - деди ал.

Кочорбаеванын айтымында, окуучу мектепти аяктаганда анын баалары түздөн-түз аттестатка түшөт. Бул бааларды кийин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.