Эми чет өлкөдө берилген балдардын күбөлүгүн "Түндүктөн" көрүүгө болот

Коом
Эми чет өлкөдө берилген балдардын күбөлүгүн "Түндүктөн" көрүүгө болот
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Чет мамлекетте берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми "Түндүк" мобилдик тиркемесинин "Санариптик документтер" бөлүмүнөн көрүүгө болот.

Мекемеден билдиришкендей, бул үчүн документти алгач "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борборунда санариптештирүү зарыл.

"Процедура аяктагандан кийин күбөлүк "Түндүк" тиркемесинде автоматтык түрдө көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.