Манас шаарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Аймак 6 октябрь 2026 19:05
DJI_20261001115015_0005_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115115_0008_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115154_0009_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115208_0010_V.JPG (1).jpeg
20261001_110016(0).jpg.jpeg
DJI_20261001115045_0007_V.JPG (1).jpeg
Алдыга
Артка
DJI_20261001115015_0005_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115115_0008_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115154_0009_V.JPG (1).jpeg
DJI_20261001115208_0010_V.JPG (1).jpeg
20261001_110016(0).jpg.jpeg
DJI_20261001115045_0007_V.JPG (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Бүгүн Манас шаарында Ж.Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу ачылды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы корпус үч кабаттуу болуп, анда окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Мектепте окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет жайгашкан.

Имаратта заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган.

Жаңы корпус эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2026-жылдын жаз айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоор Курулуш иштерин министрлиги тарабынан ишке ашырылды.