Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда курулуш сезону башталгандан тарта 7 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча жалпысынан 1545 чакырым жол оңдолуп, асфальтталган. Ал эми 2026-жылдын март айынан тарта аба ырайы ыңгайлуу болгон аймактарда жол курулуш иштери кайрадан уланууда.
"Учурда асфальт төшөө иштери Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жүрүүдө. Ал эми Чүй, Нарын жана Талас облустарында асфальт төшөө иштерин баштоого активдүү даярдык көрүлүүдө. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык жети облусунда унаа жолдорун пландуу оңдоо иштери да башталган",-деди ал.