Өлкөдө фермерлерге асыл тукум малдын уруктары акысыз таратылууда

Коом 18 сентябрь 2025 10:40
photo_5359739287416994557_y.jpg
photo_5359739287416994556_y.jpg
photo_5359739287416994555_x.jpg
photo_5359739287416994554_x.jpg
Алдыга
Артка
photo_5359739287416994557_y.jpg
photo_5359739287416994556_y.jpg
photo_5359739287416994555_x.jpg
photo_5359739287416994554_x.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Өлкөдө фермерлерге асыл тукум малдын уруктары акысыз таратылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда министрликтин демилгеси менен мамлекеттик бюджеттен 60 млн сом атайын бөлүнүп, ири мүйүздүү малдын сапатын жакшыртуу боюнча программа ишке ашырылууда.

Анын алкагында аббердин-ангус, симментал, швиц жана голштин породаларынын элита жана элита-рекорд класстагы уруктары фермерлерге акысыз таратылууда.

"Бул программа малдын асыл тукумун жакшыртып, өндүрүмдүүлүктү көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Саны чектелүү болгондуктан убагында пайдаланып калуу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат алуу үчүн бардык облустардагы айыл өкмөттөргө жана райондордогу ветеринардык башкармалыктарга кайрылуу зарыл.