Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы деле дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири бойдон калууда. Энергетика министрлиги тарифтин бир аз көтөрүлүшү чындыгында чоң өзгөрүүлөргө жол ачканын билдирди.
Маалыматка ылайык, узак жылдар бою биз жарык үчүн анын өз наркынан бир топ аз төлөп келдик. Ортодогу чыгымдарды мамлекет бюджеттен жаап келген. Бул энергетика тармагынын карызга батышына жана жабдыктардын эскиришине алып келген. Жөнөкөй айтканда, акча жетишпегендиктен, эски жабдыктарды жаңылоого мүмкүнчүлүк жок болчу.
Белгиленгендей, 2025-жылдын майынан тарта 1 кВт/саат энергиянын баасы 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрүлгөн. Бул — 26 тыйындык айырма. Калктын бюджетине байкаларлык оорчулук келбегени менен, бул каражат энергетика үчүн системадагы эскирген жабдыктарды жаңылоого мүмкүнчүлүк берди.
- Жабдыктар жаңыланууда: Региондордогу көмөкчү станциялар оңдолуп, эски трансформаторлор алмаштырылды.
- Өчүрүүлөр азайды: Системаны автоматтык түрдө башкаруу киргизилип, авариялык өчүрүүлөр кыйла кыскарды.
- Уурулукка бөгөт коюлду: Санарип эсептегичтер орнотулуп, электр энергиясын ким, канча жана кантип колдонуп жатканы ачык-айкын көрүнүп калды. Бул техникалык жоготууларды азайтты.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы билдиргендей, тарифтен түшкөн кошумча киреше түз эле стратегиялык объекттерди оңдоого жумшалууда. Натыйжада, электр энергиясын берүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулап, "свет качан өчөт болду экен?" деген кооптонуулар азаюуда.
Бул кичинекей кошумча төлөм — энергетика тармагынын коопсуздугуна жана келечекте жарыктын туруктуу болушуна салынган инвестиция.