Өлкөдө “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүүдө

Коом Загрузка... 04 Ноябрь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-11-03 at 16.12.00.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Өлкөдө “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Кабар” агенттигинин Элден собол программасында билдирди.

Анын айтымында, быйыл Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жана Ош шаарында “акылдуу” эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүттү.

“Ысык-Көл облусунда эсептегичтерди орнотуу иштери 90 пайызга аткарылды. Ош жана Баткен облустарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин иштер бүтөт. Өлкө боюнча эсептегичтерди орнотуу иштери 2026-жылы толугу менен бүткөрүлөт”, - деди ал.

Уларбек Дүйшө уулу белгилегендей, өлкө боюнча ишкананын 1 млн 494 миң абоненти бар. Анын 768 миңинде “акылдуу” эсептегичтер орнотулган. Быйылкы жылга 500 миң даана эсептегич орнотуу пландалган.

"Эсептегичтерди коюу иштери алгач Бишкек шаарында ишке ашырылган. 2014-2015-жылдары жер үйлөрдүн бардыгына жабдуулар орнотулган", - деп кошумчалады ал.