Айыл чарба техникалары жазгы талаа иштерине 82 пайыз даяр

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.51.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба техникасынын жалпы даярдыгы 82 пайызды түзөт, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 2 пайызга жогору. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинде 22 428 трактор, 1 960 дан комбайны жана башка негизги техникалар бар.

"Учурда аймактарда 2026-жылдын жазгы талаа иштерине, айдап-себүү өнөктүгүнө карата техникаларды оңдоо жана даярдоо иштери жигердүү жүрүп, жалпы даярдык деңгээли 82 пайызды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 пайызга жогору", — деп айтылат маалыматта.

Талаа иштерине 17 959 трактор (80%), соколордун 82%ы, сепкичтердин 78%ы, малалардын 82%ы жана жер семирткич чачкычтардын 86%ы даяр. Жалпысынан өнөктүккө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3 миңден ашык себүүчү агрегат катышары күтүлүүдө. Ошол эле учурда республика боюнча айыл чарба техникасы менен камсыз болуу деңгээли орточо 71%ды түзүп, 29% техникага муктаждык сакталууда.