Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Өлкөдө айрым жаныбарлар жок болуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу "Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга бир нече себептер бар. Анын бири сырттан ылаңга чалдыккан жаныбарларды ташып келүү. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын жаныбарларга болгон мыкаачы мамилеси.
“Изилдөөчүлөр менен Чоң-Алайдын Чак айылына болгон 2005-жылкы сапарыбызда кундуздун изин көргөн элек. Кундуздун жеми болгон балыктарды өтө азайтып, өзүн капканга кармап, сууларын бөгөп, суу боюндагы токойлорун кыркып отуруп, акыры кундуз жок болуп кетүү коркунучунда турат. Муну менен катар сырттан алынып келген балыктар суудагы жергиликтүү балыктарга жаңы ооруларды таратып жергиликтүү балыктардын санын азайтты”,-деди ал.
Ал белгилегендей, жок болуп кетүү коркунучунда кундуздан сырткары кызыл карышкыр, жейрен дагы турат.
“Жаныбарларга аяр мамиле кылууну үйрөнүүбүз абзел. Буга чейин өлкөбүздө жолборс да байырлап келген. 1950-жылы аны атып олтуруп, жолборсту дагы жок кылып алдык”,-деди ал.