Бишкекте зоопарктан өрт чыгып, 6 маймыл жана 1 кенгуру өлгөн

Кырсык 28 январь 2025 10:17
Бишкекте зоопарктан өрт чыгып, 6 маймыл жана 1 кенгуру өлгөн
copyright icon KABAR Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарындагы реабилитациялык зоопарктан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо саат 08:50дө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 6 маймыл жана 1 кенгуру өлгөн.