“Беш-Таш” мамлекеттик коругунда жапайы жаныбарлар фотокапканга түштү - видео

Экология Загрузка... 08 Декабрь 2025 15:05

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга бир катар жапайы жаныбарлар түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул мониторинг коруктун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаныбарлардын санын илимий негизде байкоо максатында жүргүзүлүүдө. Фотокапкандардан алынган маалыматтар экологиялык саясатка жана коргоо чараларына негиз болуп кызмат кылат.

Маалымат үчүн: “Беш-Таш” коругу 1996-жылы Кыргызстандын түндүк-батышындагы табигый комплекти жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Жалпы аянты 13731.5 гектарды түзөт.

Жаратылыш корук жергиликтүү калктын жана чет элдик туристтердин экологиялык эс алуусун да уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.