Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Суу районундагы Кара-Гур айылынын Сарыгой капчыгайында коюлган фотокапкандар алынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми уюмдун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери жыйнаган жабдуулардан сүрөттөр алынып, жапайы жаныбарлар боюнча илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт.
Бул иш-чаранын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана “Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун” кызматкерлери менен биргеликте тоолуу аймактарда мыйзамсыз аңчылыкка каршы атайын рейд да өткөрүлдү.
Анда экологиялык кызматкерлер Кара-Суу районундагы Жол-Чырак, Жиптик, Лаглан, Кара-Сөгөт жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Токойчу, Нарай, Өрүктү, Көк-Мойнок, Тамаша, Майдан жайлоолорун текшерүүгө алып, одоно укук бузуулар катталган жок.
Ошондой эле өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.