Фотокапканга түшкөн ак илбирстин балдары менен сүрөттөрү жарыяланды

Экология Загрузка... 27 Май 2025 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндөгү "Хан-Теңири" жаратылыш паркындагы фотокапкандарда сейрек кездешүүчү ак илбирстердин сүрөттөрү катталган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, сүрөттөрдүн биринде чоң ак илбирстин артынан балдарынын ээрчип жүргөнүн көрүүгө болот, бул адистер үчүн зарыл жана баалуу байкоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, сүрөттөр үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында тартылган. Уникалдуу кадрлар жетүүгө кыйын тоолуу райондордо жабдууларды орноткон парктын егерлеринин ишинин натыйжасында мүмкүн болду.

"Хан-Теңири" жаратылыш паркы Ала-Тоонун күнгөй жана Тескей тоо кыркаларынын кошулган жеринде, Сары-Жаз суусунун бассейнинде жайгашкан. Мында Кыргызстандын эң бийик чокулары - Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңгри (6995 м) жайгашкан. Бул жер Кызыл китепке кирген ак илбирстер жашаган маанилүү аймак болуп эсептелет.