Чоң-Кемин жаратылыш паркында элик менен камандар байкалды

Экология 22 Январь 2026 14:54
621421184_880744927911971_1769830385111007303_n.jpg
619314892_880744924578638_4899127074499057041_n.jpg
Алдыга
Артка
621421184_880744927911971_1769830385111007303_n.jpg
619314892_880744924578638_4899127074499057041_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Чоң-Кемин жаратылыш паркында жапайы элик жана камандар видеого түшүп калган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, егердик кызмат тарабынан “Жаныбек” кыдыртмасынын аймагындагы аштоого салынган чөпкө эликтердин топтолуп келе жаткандыгы байкалды. Ошондой эле камандардын (жапайы доңуз) издери да аныкталды. Бул көрүнүш жапайы жаныбарлар үчүн жүргүзүлүп жаткан биотехникалык иштердин натыйжалуу экенин айгинелейт.

Министрлик Чоң-Кемин жаратылыш паркында жапайы жаныбарларга кышкысын атайын жем-чөп берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мониторинг кышкы мезгилде жаныбарлардын жоготууларын азайтууга жана популяцияны сактоого өбөлгө түзөт.