"Кыргыз-Ата" паркында жерди мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Аймак 30 сентябрь 2026 09:40
1.jpg
828122351_2648643068889481_7978098701556689510_n.jpg
829197260_979185875210388_5718422933048872506_n.jpg
826510567_1649129976904620_7132089134473953990_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
828122351_2648643068889481_7978098701556689510_n.jpg
829197260_979185875210388_5718422933048872506_n.jpg
826510567_1649129976904620_7132089134473953990_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, парк администрациясынын кайрылуусунун негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда айрым жергиликтүү тургундар жер тилкелерин уруксат берүүчү документтерсиз, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин же бөлүнгөн жердин чегинен тышкары пайдаланып жатканы аныкталган.

Жыйынтыгында 34 миң сом айып пул салынып, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 127 миң 314 сом өлчөмүндө доо коюлган.