Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Эми өлкөдө аңчылык кылуунун жаңы эрежелери иштей баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтому менен өлкөнүн аймагында жапайы айбанаттарга мергенчилик кылуунун жаңы эрежелери кирди. Эрежелер мергенчилердин сунушунан улам, атайын комиссия түзүлүп илимий корутундулардын натыйжасында киргизилген.
“Климаттын өзгөрүшү менен аңчылык сезону бир апта артка жылдырылды. Ошондой эле илимий корутундулардын негизинде жаныбарлардын төлдөө жана көбөйүү мезгилин эске алуу менен жаныбарларды олжолоо убакыттарына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Себеби, жаныбарлардын төлдөө, көбөйүү мезгили дагы бир аз артка жылды”, - деди ал.
Адис белгилегендей, өлкөдө аңчылык чарба тармагында 52 уюм бар. “Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Бирок ошого карабай илбирс, аюу атып, экологдордун колуна түшкөндөр улам катталып турат.