Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9 миң 452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- жалгыз бой улгайган жарандар – 3 миң 819 адам;
- майыптыгы бар адамдар – 2 миң 313 адам;
- жубайлар – 350 үй-бүлө;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр – 2 миң 971 үй-бүлө.
Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган адамдарга, өз алдынча жүрүп-түрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарга, жубайларга, ошондой эле татаал турмуштук жагдайга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшөт.
Ошондой эле адистер турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп, психологиялык жана социалдык колдоо камсыз кылышат.