Өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу бар

Коом 30 сентябрь 2026 15:30
Өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу бар
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев аталган мыйзам 2011-жылдан бери колдонулуп келе жатканын белгилеп, ал этолондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстери менен объектилерин сактоого багытталгандыгын кошумчалады. 

Андан тышкары, өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу уюштурулгандыгын айткан министрдин орун басары: “Алардын аянты 509 миң гектарды түзөт. Ошону менен катар 724 миң гектар жерди ээлеген 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 241 миң гектар жерде жайгашкан 64 майда корукчалар да бар”, – деди. 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.