Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Өлкө тарыхында алгачкы жолу заманбап конгресс-холл курулууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жалпы аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн ири конгресс-холлдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул маанилүү долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жеке көзөмөлүндө ишке ашууда.
Конгресс-холлдун өзгөчөлүктөрү:
- Жертөлөсү менен 2 кабаттуу имарат;
- 1238 орундуу чоң конференция залы;
- 1000 орундуу банкет залы;
- Бир нече чоң жана кичи жыйын залдары;
- 5 эки тараптуу жолугушуулар залы;
- Заманбап пресс-борбор;
- 300гө жакын жабык жана ачык унаа токтотуучу жай.
Мындан тышкары, конгресс-холлдун жанында бардык шарттары менен 8 конок үйү болот.
"Учурда курулуш иштери тынымсыз уланууда. Долбоор ушул жылдын жай айларында пайдаланууга берилери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.