Он күндүк укуктук колдоо. Өлкө боюнча акысыз юридикалык кеңештер берилет

Коом Загрузка... 01 Декабрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Юридикалык жардам кызматы

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2-декабрдан 11-декабрга чейин Адам укуктарын коргоо күнүнө карата он күндүк декада өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы билдирет.

Иш-чаранын негизги максаты - калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу. Декада өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ар бир жаранга акысыз жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Декада учурунда өлкөнүн бардык жерлеринде атайын консультациялык аянтчалар иштеп, тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, укуктук маселелер боюнча кеңеш беришет.

Мындан тышкары, юристтер жана адвокаттар жазаларды аткаруу мекемелерине барып, маалыматтык-укуктук түшүндүрмө иштерин жүргүзүшөт. Алар айыпталуучулар жана жазасын өтөп жаткандар үчүн да укук коргоо жаатында кеңеш берип, укуктук маданиятын жогорулатууга өз салымын кошушат.

Декада ар бир жарандын өз укуктарын билүүсү - аларды коргоонун негизги шарты экенин эске салат. Ал эми юридикалык жардамга жеткиликтүүлүк - ар бир жаран үчүн.

Декада төмөнкү жерлерде өтөт:

Бишкек шаары боюнча:

  • Биринчи Май району – Маевка, Көлмө, Мурас-Ордо конуштары
  • Ленин району – СБ «Берекет Гранд»
  • Свердлов району – Ак-Тилек конушу
  • Октябрь району – СБ «Аламүдүн Гранд»

Чүй облусу боюнча:

  • Жайыл району – администрациянын имаратында
  • Сокулук району – администрациянын имаратында
  • Ысык-Ата району – КТБнын ичинде, Ленин көч., 97
  • Токмок шаары – Султан Ибраимов көч., 1/1, жаңы КТБ

Талас облусу боюнча:

  • Талас шаары – Кыргыз почтасынын имаратында
  • Ч.Айтматов району – Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн имаратында
  • Манас району – Семетей айылы, Юстиция үйүнүн имаратында

Ысык-Көл облусу боюнча:

  • Каракол шаары – Нариманов мектебинин 1-кабатында
  • Тоң району – администрациянын имаратында
  • Түп району – райондук Социалдык фонд башкармалыгында

Нарын облусу боюнча:

  • Нарын шаары – Айыл Банк имаратында
  • Жумгал району – Чаек айыл өкмөтүнүн имаратында
  • Ак-Талаа району – администрациянын имаратында
  • Кочкор району – КТБнын имаратында

Ош облусу боюнча:

  • Ош шаары – КТБнын имаратында
  • Өзгөн району – Борбордук базар, «Каприз» соода үйүнүн алдында
  • Кара-Суу району – мамлекеттик нотариус, МЭЗ-1 алдында
  • Ноокат району – КТБнын имаратында
  • Кара-Кулжа району – Юстиция үйүнүн имаратында
  • Араван району – администрациянын имаратынын алдында
  • Алай району – мамлекеттик нотариустун алдында

Баткен облусу боюнча:

  • Баткен шаары – ААК «Кыргыз почтасы»
  • Кадамжай району – шаардык мэриянын имаратында
  • Лейлек району – шаардык мэриянын алдында

Жалал-Абад облусу боюнча:

  • Манас шаары – «Мир» кинотеатрынын алдында
  • Базар-Коргон району – КТБнын имаратында
  • Ноокен району – Масы айыл өкмөтүнүн имаратында
  • Аксы району – КТБнын имаратында
  • Кара-Көл шаары – жеке нотариалдык конторанын имаратынын алдында
  • Ала-Бука району – Юстиция үйүнүн имаратында
  • Чаткал району – КТБнын имаратында
  • Тогуз-Торо району – КТБнын имаратында