Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Дүйнөлүк жазуучулар Лев Толстой менен Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө болгон көз караштары окшош болуп, аларды адамзаттын негизги баалуулуктарына болгон мамилелери бириктирип турат экен. Бул тууралуу Л. Толстой мамлекеттик музейинин башкы директору, жазуучунун чөбөрөсү, жазуучу-эссеист Владимир Толстой Улуттук тарых музейинде уюштурулган “Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой. Кылымдан кийинки сүйлөшүү” көргөзмөсүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүн көргөзмө расмий түрдө ачылып, алдыда 4 айга чейин, атап айтканда 2026-жылдын февраль айына чейин уланат. Андан кийин Кыргызстандын башка аймактарына да уюштурулушу мүмкүн.
“Дүйнөгө белгилүү эки гений жазуучу – Лев Толстой менен Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө болгон көз караштары, чыгармаларында көтөргөн адамзаттын негизги баалуулуктарына болгон жамандык, жакшылык, чындык, сүйүү, адеп-ахлак, абийир маселелери окшоштуруп турат экен. Ошондой эле жазуучулардын коомдук-саясий жашоого карата билдирген көз караштары да окшош болуптур. Бул нерселер бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон калууда.
2 жылдан кийин Лев Толстойдун 200 жылдыгы жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы дүйнө жүзүндө, Россия менен Кыргызстанда белгиленип, андан сырткары келерки жылы Ч.Айтматов негиздеген “Ысык-Көл” форумуна 40 жыл толот экен. Мындан улам биз бул маанилүү жылдарды утурлай, бул көргөзмөнү уюштуруп жатабыз жана булардын алкагында башка дагы иш-чараларды уюштурабыз”,-деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган “Маалымат доорундагы тарыхый институттар, китеп жана окуу” аттуу IV эл аралык илимий-практикалык конференциясы ѳттү. Ага бийлик органдарынын жана алдыңкы институттардын ѳкүлдѳрү, онго жакын ѳлкѳлѳрдүн элчилери, музейлердин жетекчилери, окумуштуулар, окуу методисттери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын, китепканалардын, басмаканалардын ѳкүлдѳрү катышты.