Лебединовка – ГЭС 5 жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 09:23
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.

Ошондой эле долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери уланат.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулуп, ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20 пайызга кɵп бак-дарактар отургузулат.