Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга тапшырылган лабораториялар оор эпидемияларды алдын алууга багытталган. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын башчысы Анна Попова билдирди.
Анын айтымында, ар бир мамлекет кооптуу патогендерди өз алдынча аныктап, аларга ыкчам жооп кайтарууга тийиш.
“Мобилдик лабораториялар ар кандай аймактарга тез жетип, эпидемиологиялык кырдаалды жеринен баалоого жана коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар пневматикалык каркас менен жабдылып, биологиялык коргоонун бардык деңгээлдерине жооп берет. Бул жабдыктар тобокелдиктерди жаратпастан, кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алууга шарт түзөт. Бул Кыргызстан менен Россиянын көп жылдык кызматташтыгынын жыйынтыгы жана эпидемиологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү жаңы кадам”,-деди ал.
Попова белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда табигый очоктордо коркунучтуу оорулардын жайылышына каршы иш-чаралар активдүү жүрүп жатат.
“ВИЧ инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Россия Федерациясы тарабынан берилген он мобилдик клиника-лаборатория өлкө аймагында ийгиликтүү иштеп жатат. Учурда 103 миңден ашуун адам ВИЧ жана башка оорулар боюнча текшерүүдөн өттү. Гепатит В боюнча дагы чоң ийгиликтер бар. Россия тарабынан 700 миңден ашык доза вакцина берилген. Бул аракеттер оорунун жайылышын үч эсеге азайтууга мүмкүндүк берди”,-деди ал.