Жыл сайын 8-мартка карата Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы аялдардын орточо сандык көрсөткүчүн жарыялайт. Орточо эсеп менен үч баланы тарбиялап, үй жумуштарына күнүнө дээрлик беш саат убакыт бөлгөн аял ошол эле учурда өлкөнүн социалдык тармагынын негизги таянычы бойдон калууда. Сандык маалыматтар көп нерсени айтып турат. Статистиканын артында көбүнчө көзгө көрүнбөгөн зор эмгек жашырылган десек болот.
2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти. Өлкөдө аялдардын саны эркектерге караганда бир аз көбүрөөк, алардын үлүшү 50%дан ашат. Аялдардын орточо жаш курагы - 30 жаш, ал эми эркектердики - 28 жаш.
Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда узагыраак жашайт. 2024-жылы аялдардын өмүр узактыгы 77 жаш, ал эми эркектердики 68 жаш болду. Мындай айырмачылыктын негизги себептеринин бири — эркектер арасындагы өлүм деңгээли аялдарга салыштырмалуу 1,6 эсе жогору болушу.

Калктын жаш курагы никеге туруу көрсөткүчүнө да таасир тийгизет. 2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял никеге турган, алардын 87%ы биринчи жолу турмушка чыккан. Биринчи жолу турмушка чыккандардын негизги бөлүгү 18–29 жаш курагына туура келет жана бул көрсөткүч жалпы биринчи никеге тургандардын дээрлик 87%ын түзөт. Биринчи никеге туруу боюнча орточо жаш курагы - 24 жаш, ал эми кайра никеге туруу - 35 жаш.

Төрөт боюнча айтсак, Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аял үч бала төрөйт. Жаңы төрөлгөн балдардын саны бир аз азайганы байкалат: 2020-жылы 158 миң болсо, 2024-жылы 140 миңди түзгөн. Ошого карабастан, төрөт деңгээли жогору бойдон калууда, бул өлкө калкынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Аялдар өлкөнүн экономикасында да маанилүү ролду ойнойт. 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48,7%ды, ал эми иштеп жаткан аялдардын орточо жашы 41 жашты түзгөн. Аялдар көбүнчө билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү, мейманкана жана ресторан иши, ошондой эле соода тармактарында иштешет.
Ошол эле учурда эмгек акы боюнча гендердик айырма сакталууда. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, аялдардын орточо эмгек акысы эркектердин эмгек акысынын 65,7%ын түзөт.

Билим берүү тармагында да аялдар басымдуулук кылат. 2024/2025-окуу жылынын башында мектеп мугалимдеринин 87%ын аялдар түзгөн. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин арасында да кыздар көп. 2024-жылы орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин 58%дан ашыгын, ал эми жогорку окуу жайларда болжол менен 55%ын кыздар түзгөн.

Аялдар убактысынын көп бөлүгүн үй чарбасына да жумшайт. Орточо эсеп менен алар күнүнө 4 саат 40 мүнөттү үй иштерине коротот, бул алардын убактысынын 19%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч беш эседен да аз.

Айыл жергесинде жашаган аялдар үй иштерине көбүрөөк убакыт бөлүшөт, болжол менен күнүнө орточо 5 саат, ал эми шаардагы аялдар болжол менен 4 саат убакыт коротушат.
Жумуштан жана үй иштеринен тышкары аялдар эс алууга да убакыт табышат. Орточо эсеп менен алар жумасына 2 саат 20 мүнөттөй убакытты эс алууга арнайт.