"Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттери убактылуу иштебейт. Себеби

Аймак 22 сентябрь 2026 15:40
"Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттери убактылуу иштебейт. Себеби
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Улуттук күнү жана Күз ортосу майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти..

Кытай тараптын маалыматына ылайык, жарандарды жана транспорт каражаттарын "Эркечтам-автожол" жана "Торугарт-автожол" аркылуу өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:

  • 25-сентябрда саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
  • 1-октябрда саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.

Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.