Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кечээ Бишкектеги Ала Тоо аянтында 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өттү. Анда көргөзмө-жарманке жана концерттик программа уюштурулуп, келечек ээлерине майрамдык маанай тартууланды.
Майрамдык иш-чараларды Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардык Балдар чыгармачылык борборлору уюштурушкан.
Салтанатка шаардын кичинекей тургундары, коноктору, алардын ата-энелери, ошондой эле Бишкек шаарындагы Балдар чыгармачылык борборлорунун жамааттары катышты.
Муну менен катар, VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын алкагында келген чет өлкөлүк катышуучулар жана таланттуу балдар да бул иш-чарага жигердүү катышты.