Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өлкөнүн республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларында маданий-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар кыргыз тилинин коомдогу маанисин арттырууга, эне тилди урматтоого жана "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун негизги баалуулуктарын жайылтууга багытталды.
Республикалык жана облустук китепканаларда китеп көргөзмөлөрү, адабий-музыкалык кечелер, көркөм окуулар, викториналар, тегерек столдор жана конференциялар уюштурулду. Ошондой эле Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган көргөзмөлөрдө кыргыз адабияты, сөздүктөр, "Манас" эпосунун басылмалары жана тил илимине байланышкан эмгектер сунушталды.
Китепканаларда тилге арналган маданий-агартуу иш-чаралары мындан ары да улантылат.