Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Тил - улуттук нарк, инвестиция - жаркын келечек" аталышында иш-чара өттү.
Агенттиктен билдиришкендей, иш-чарада кыргыз тилинин тарыхы жана өнүгүү жолу, анын улуттук маданияттагы орду тууралуу маалыматтар берилип, мамлекеттик тилди кызматтык жана кесиптик чөйрөдө туура, сабаттуу колдонуу маселелери көтөрүлдү.
Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мамлекеттик тилди өнүктүрүү аны күнүмдүк жашоодо гана эмес, кесиптик жана ишкердик чөйрөдө кеңири колдонуу менен тыгыз байланышта экенин белгилейт.
"Тил - элибиздин тарыхын, маданиятын жана баалуулуктарын муундан муунга жеткирген баа жеткис мурасы. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү аны коомдук жашоонун бардык тармагында, анын ичинде ишкердик жана кесиптик чөйрөдө кеңири колдонуу менен бекемделет. Биз инвестициялык багытта иш алып барган мекеме катары кыргыз тилинде сапаттуу жана сабаттуу иш жүргүзүүгө, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик тилде кеңири таанытууга өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Тилди урматтоо - улуттук наркты сактоо, ал эми анын өнүгүшүнө салым кошуу - келечекке кошкон салым", - деп белгилейт Равшанбек Сабиров.
Иш-чарада кызматкерлер кыргыз адабиятынан ыр саптарын окуп, жаңылмачтарды айтып, макал-лакаптардын уландысын табуу боюнча интерактивдүү оюнга катышышты.
Жыйынтыгында мамлекеттик тилди кызматтык иште туура колдонуу, иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү жана кыргыз тилинин кесиптик чөйрөдө кеңири колдонулушуна ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керектиги айтылды.