Кызыл гвоздика — муундардын эсинде: Бишкекте Улуу жеңишке арналган фестиваль өтөт

Коом Загрузка... 03 Апрель 2026 09:58
1775137860_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. 17-апрелде Бишкектеги "Жаштык" шаардык маданият үйүндө "Кызыл гвоздика — муундардын эсинде" аттуу XXV ачык шаардык фестиваль-сынагынын экинчи тандоо туру өтөт.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 81 жылдыгына арналган жана ардагерлердин чыгармачылык активдүүлүгүн колдоого, ошондой эле жаш муундарды патриоттук тарбиялоого багытталган.

Фестивалга Бишкек шаары жана Чүй облусунан 10 чыгармачыл жамаат катышат. Жалпысынан сахнада 73 номер сунушталып, анда 153 катышуучу — согуш жана эмгек ардагерлери өз өнөрүн тартуулашат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:

  • вокалдык-хордук искусство
  • жеке ырдоо
  • көркөм окуу
  • аспаптык аткаруу

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Бардык катышуучуларга Ыраазычылык грамоталар тапшырылат.

Фестивалдын гала-концерти 6-майда Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.