Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Кызматтык унаалардын берилиши маданий ишмердикти жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маданият мекемелерине унааларды тапшыруу учурунда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет жана министрлик маданият тармагына абдан жакшы көңүл бурууда.
“Чоң көлөмдөгү каражаттар бөлүнүп, көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Ошонун баары келип эле кайра өзүбүздүн көрүүчүлөрүбүзгө, элибизге жасала турган кызмат. Ошол кызматтын ыкчам аткарылышы үчүн унаалар берилип жатат. Буга чейин көпчүлүк маданий мекемелерде унаалар жок эле”, — деди Өзүбеков.
Эл артисти белгилегендей, бул кадам өзгөчө аймактардагы маданий мекемелер үчүн маанилүү. Кызматтык унаа менен жер-жерлерде уюштуруу иштери тез чечилип, алыскы райондордо маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.
“117 унаа берүү оңой эмес. Бул олуттуу кадам жана чоң инвестиция. Бул бизге чыгармачылык иштерди жүргүзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет”, — деп кошумчалады театрдын директору.
Эскерте кетсек, өткөн жылы да Кыргыз драма театрына материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында гастролдорго чыгуу үчүн жаңы микроавтобус берилген.