Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Ички иштер органдарынын кызматкерлери пландуу машыгуудан кайтып келе жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Мекеменин маалыматына караганда, социалдык тармактарга тараган «борбор калаага атайын багыттагы кызмат тартылып жатат» деген мазмундагы видеолор жана билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.
«Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мурда пландалган окуу-машыгуулардан кайтып келе жатышат. Учурда бардык түзүмдөр штаттык режимде иш алып барууда. Өлкөдө абал туруктуу жана кырдаал толугу менен көзөмөлдө, кооптонууга эч кандай негиз жок. Жарандарды сабырдуулукка, такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.