Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-блогу заманбап жана ыңгайлуу кеңсеге ээ болду.
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жаңы имараттын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
Мамлекеттик мекеменин IT-адистери алгачкы жолу жеке менчик компаниялардын ижарадагы кеңселеринде эмес, өздөрүнүн жеке имаратында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Жалпы аянты 1476 чарчы метрди түзгөн "Учкун" типографиясынын имаратында жайгашкан жаңы кеңседе натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар каралган. Мында 175 адиске ылайыкталган кенен кеңселик бөлмөлөр, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, намазкана, жуунучу бөлмөлөр жана стол тенниси залы бар.
Үч айдан ашуун убакыт мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана Калкты каттоо департаменти президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, алардын негизинде "Кызмат" мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Бул иштер кызматкерлерге ыңгайлуу иш шарттарын түзүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
Реформага ылайык, жарандарды тейлөө борборлорунда күтүү убактысы кыскартылып, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди жана IT-адистер үчүн заманбап иш шарттары түзүлдү.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн тез арада санариптештирилиши боюнча тиешелүү тапшырма койгон. Буга байланыштуу президенттин Иш башкармалыгы мамлекеттик органдардын толук электрондук документ жүгүртүү системасына өтүүсү үчүн активдүү иш алып барууда. Бул бюрократияны азайтууга, чечим кабыл алуу процессин ылдамдатууга жана мамлекеттик кызматтарды онлайн түрдө жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет.