Ошто капиталдык оңдоодон өткөн “Мурас” бала бакчасы ачылды

Аймак 25 Август 2026 18:00
786828513_1407649371553956_8829079111493787112_n.jpg
786726810_1407649304887296_4010301849329201509_n.jpg
787083114_1407648134887413_1138981461040448319_n.jpg
786036749_1407648148220745_3621252677856858043_n.jpg
786629858_1407649338220626_6866989698892131123_n.jpg
786854689_1407649328220627_7932935491314119743_n.jpg
786994526_1407648211554072_6700391690958424571_n.jpg
786819128_1407648031554090_3142278475141893641_n.jpg
786702682_1407648084887418_3522667835963580187_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын У. Салиева көчөсү 15а дарегинде жайгашкан “Мурас” мектепке чейинки балдар билим берүү уюмунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, балдар үчүн эшигин кайрадан ачты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, анын алкагында 1-кабаттагы эшиктер жана пол төшөлмөлөрү жаңыланды. Ошондой эле чатыр оңдолуп, имараттын сырты жылууланып, травертин менен капталды.

"Ачылыш аземинде шаар башчысы балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, тарбиялануучуларга ийгиликтерди каалады",-деп айтылат маалыматта.