Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Бишкекте октябрдын аягына карата кыймылсыз мүлктүн негизги түрлөрүнүн орточо баасында өзгөрүүлөр катталды. Мындай маалыматты Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги берди.
Бишкектеги кыймылсыз мүлктөрдүн октябрдагы орточо баасы:
- административдик имараттардын чарчы метри — 95 597,16 сом ( 1 093,16 доллар);
- турак үйдүн чарчы метри — 162 773,37 сом ( 1 861,33 доллар);
- батирлердин чарчы метри — 107 221 сом ( 1 226,08 доллар);
- коммерциялык имараттардын чарчы метри — 210 771,2 сом ( 2 410,19 доллар);
- өндүрүштүк жайлардын чарчы метри — 25 589,69 сом ( 292,62 доллар);
- социалдык объекттилердин чарчы метри — 15 267,22 сом (174,58 доллар).
Сентябрдагы орточо баалар:
- турак үйдүн чарчы метри — 142 696,28 сом (1 631,75 доллар);
- батирлердин чарчы метри — 118 478,85 сом ( 1 354,82 доллар);
- коммерциялык имараттардын чарчы метри — 88 624,84 сом (1 013,43 доллар);
- өндүрүштүк жайлардын чарчы метри — 345 453,22 сом (1 013,43 доллар);
- социалдык объекттилердин чарчы метри — 10 315,26 сом (117,96 доллар).
Ошентип, октябрь айында турак жай жана коммерциялык мүлктөрдүн баалары бир топ жогорулады, ал эми батирлер жана өзгөчө өндүрүштүк жайлардын баасы бир кыйла төмөндөдү. Социалдык объектилердин орточо баасы да жогорулады.
Адистердин пикиринде, мындай термелүүлөр базардагы сезондук активдүүлүк, суроо-талаптын түзүлүшүнүн өзгөрүшү жана борбордогу кыймылсыз мүлк рыногунун айрым сегменттеринде сунуштун жөнгө салынышы менен байланыштуу болушу мүмкүн.