Кытайлык компания энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Экономика 426 09 Июнь 2026 13:55
715078499_1300042822317633_8792036906382204064_n.jpg
717437795_1300042862317629_1404406536899090314_n.jpg
718952785_1300042852317630_5956927777061180492_n.jpg
720524294_1300042825650966_188350902063239873_n.jpg
Алдыга
Артка
715078499_1300042822317633_8792036906382204064_n.jpg
717437795_1300042862317629_1404406536899090314_n.jpg
718952785_1300042852317630_5956927777061180492_n.jpg
720524294_1300042825650966_188350902063239873_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык SL Gemini Energy Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кайра жаралуучу энергия долбоорлоруна инвестиция тартуу жана Кыргызстандын жылуулук менен камсыздоо тутумдарын модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү конокторго өлкөнүн инвестициялык климаты жана "жашыл" экономиканы колдоо чаралары тууралуу айтып беришти.

"Кыргызстан таза энергетика тармагында чоң потенциалга ээ. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон инвесторлорду тартууга кызыкдарбыз. Биз өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууда зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даярбыз", – деди Сабиров.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын биргеликте иштеп чыгууну жана болочок долбоорлордун параметрлерин терең изилдөөнү улантууну макулдашты.