Кытайга түз жол: Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу кандай жүрүүдө?

Министрлер кабинети 10 Июль 2026 11:40
6a4fb0eba4911.jpeg
6a4fb0ec741a0.jpeg
6a4fb0d9ce211.jpeg
6a4fb0d9b2ff1.jpeg
6a4fb0d568526.jpeg
6a4fb09bb4c5d.jpeg
Алдыга
Артка
6a4fb0eba4911.jpeg
6a4fb0ec741a0.jpeg
6a4fb0d9ce211.jpeg
6a4fb0d9b2ff1.jpeg
6a4fb0d568526.jpeg
6a4fb09bb4c5d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев долбоордун ишке ашырылышын карап чыгуу үчүн Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш аянтчасына барды.

Анда акыркы айларда казуу иштеринин көлөмү бир топ көбөйгөн Сөөк жана Ашуу-Суу туннелдери текшерилди.

Учурда 161 чакырымдык жолдо иштер жүрүп жатат. Көпүрөлөрдү, суу өткөргүчтөрдү жана таяныч дубалдарды куруу иштери уланууда. Курулуш аянтчасында 1700дөн ашык жумушчу жана 814 курулуш техникасы иштеп жатат.

Текшерүүдөн кийин Бакыт Төрөбаев курулуш графигин так сактоону, жогорку сапаттагы жумуштарды аткарууну жана долбоорду өз убагында бүткөрүүнү камсыз кылууну тапшырды.