Министрлер кабинети 2027-жылкы бюджеттин долбоорун карады

Министрлер кабинети 26 сентябрь 2026 10:30
6ab6783082b72.jpg
6ab67830211cb.jpg
6ab6783023643.jpg
6ab6782f8321a.jpg
6ab6782f310dd.jpg
6ab6782fa3cb1.jpg
6ab6782f3a631.jpg
6ab6782edfc1e.jpg
6ab6782eb29bd.jpg
6ab6782e38cd0.jpg
6ab6782e36d9f.jpg
Алдыга
Артка
6ab6783082b72.jpg
6ab67830211cb.jpg
6ab6783023643.jpg
6ab6782f8321a.jpg
6ab6782f310dd.jpg
6ab6782fa3cb1.jpg
6ab6782f3a631.jpg
6ab6782edfc1e.jpg
6ab6782eb29bd.jpg
6ab6782e38cd0.jpg
6ab6782e36d9f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктерге токтолуп, 2021-2025-жылдары өлкө экономикасы 47% өсүп, өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи. Алсак, 2025-жылы ИДП 11,1%га өссө, 2026-жылдын 8 айында 11%ды түздү.

“Эң негизгиси – бул өсүш мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнө, ал эми көбөйгөн мүмкүнчүлүк эл көрүп, эл пайдалана турган конкреттүү иштерге айланып жатат”,-деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Алсак, 2025-жылы өлкө боюнча 341 инфраструктуралык объект пайдаланууга берилсе, 2026-жылы 105 социалдык объект, 60 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди. Мындан тышкары "Бишкек Арена" "Ырыс ордо", Талас, Каракол шаарларында жана Ысык-Көлдө ири объекттер пайдаланууга берилди.

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер – 634 млрд сом.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бюджеттин көбөйүшү менен, 2027-жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи:

  • билим берүүгө – 134,2 млрд сом (+45,2 млрд);
  • саламаттык сактоого – 76,4 млрд сом (+21,7 млрд);
  • социалдык коргоого – 47,3 млрд сом (+21,6 млрд).

2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге "Бала Береке" бир жолку төлөмү бериле баштайт. Ошондой эле "бала ырысы" жөлөкпулу жана шарты катаал бийик тоолу аймактардагы электр энергиясына 50% компенсация уланат.

"Президентибиз белгилегендей, мамлекеттин колдоосу биринчи кезекте ага көбүрөөк муктаж болгон үй-бүлөгө жетиши керек", - деди өз сөзүндө Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле ал бюджет бүгүнкү маселелерди чечүү менен катар эртеңки экономиканын пайдубалын түптөөгө тийиш экенине токтолуп, бул багытта инвестициялар жана стратегиялык долбоорлор боюнча да ири каражаттар бөлүнөөрүн белгиледи. Капиталдык курулуштун чыгашалары ички булактардан 27,8 млрд сомго жетет.

Анын ичинде:

  • 17,7 млрд сом – Барскоон – Бедел унаа жолуна;
  • 10 млрд сом – социалдык, ичүүчү суу, ирригация жана жол объекттерине;

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ар бир бөлүнгөн сом үчүн конкреттүү жыйынтык алуу негизги талап болоорун эске салып, бюджеттик тартипти сактоо, каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинети аталган мыйзам долбоорун жактырып, белгиленген тартипте Жогорку Кеңешке киргизүү тапшырмасы коюлду.