Кытайдын ИДПсы 2025-жылы рекорддук 140 трлн юанга жетти

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:52
3.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Кытайдын ички дүң продукциясы акыркы беш жылда 110, 120, 130 жана 140 триллиондук чектерди басып өтүп, 2025-жылы 140,19 трлн юанды түздү. Бул тууралуу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин сессияларынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин билдирди.

Анын айтымында, экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 5,4 пайызды, ал эми өткөн жылы болжол менен 5 пайызды түздү. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору.

"Дүйнөлүк экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө жана ар кандай тобокелдиктер менен чакырыктарга карабастан, Кытай экономикасы жогорку сапаттагы өнүгүү моделине өтүү менен туруктуулукту жана дараметин көрсөтүүнү улантууда. Кытайдын дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө кошкон салымы болжол менен 30 пайызды түзөт. Бул "Чоң жетилик" (G7) өлкөлөрүнүн жалпы салымынан ашып түшөт жана Кытайды глобалдык өсүштүн туруктуу жана ишенимдүү булагына айландырат. Ошону менен бирге экономикалык өнүгүүнүн сапаты да тынымсыз жогорулап жатат. Электромобилдерди чыгаруу, фотоэлектрдик жана шамал энергетикасы сыяктуу жаңы тармактар өндүрүштүн көлөмү жана өнүгүүсү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээледи. Ошондой эле дүйнөдөгү эң ири жана эң кенен камтууга ээ болгон байланыш тармактарынын инфратүзүмү түзүлдү. Мунун баары экономиканын жогорку сапаттагы өнүгүүсүнө жаңы дем берүүдө", – деди элчи.