Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Экономика 680 16 Март 2026 17:55
photo_2026-03-16_16-28-06 1.png
photo_2026-03-16_16-28-10 1.png
photo_2026-03-16_16-28-09 1.png
photo_2026-03-16_16-28-07 1.png
Алдыга
Артка
photo_2026-03-16_16-28-06 1.png
photo_2026-03-16_16-28-10 1.png
photo_2026-03-16_16-28-09 1.png
photo_2026-03-16_16-28-07 1.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйүн жана Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борборун ачуу макулдашылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматовдун Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тараптар Чэнду шаары менен кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен соода аянтчаларын түзүү маселесин иштеп чыгууну макулдашты.

Төрөмаматов өлкөнүн туристтик дараметин белгилеп, Чэнду – Бишкек – Чэнду багытындагы түз авиакаттам бул тармакты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болорун баса белгиледи.

Соода үйүнүн ачылышы кыргызстандык экологиялык таза продукцияларды Кытай рыногунда жыл бою таанытууга жана сатууга шарт түзөт.